Путин миграциялык саясатты катаалдата турган мыйзамдарга кол койду
Путин миграциялык саясатты катаалдата турган мыйзамдарга кол койду
10 Жетинин айы 202418:01 Бишкек Govori.TV
Россия президенти Владимир Путин миграциялык саясатты огобетер катаалдата турган бир топ мыйзамдарга кол койгонун кечээ «Коммерсант» жазып чыкты.
Алар кандай мыйзамдар:
мыйзамсыз миграция уюштуруу менен алынган акча каражаттарын, баалуу буюмдарды жана мүлктөрдү конфискациялоо жөнүндө;
уюшкан топ тарабынан же оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо максатында жасалган мыйзамсыз миграцияны уюштурууну өзгөчө оор кылмыштарга квалификациялоо жөнүндө;
Россияда мыйзамсыз жүргөн адамдын кылмыш жасагандыгын оордотуучу жагдай катары таануу жөнүндө;
мигранттар үчүн мыйзамсыз кызмат көрсөтүүчү сайттарды соттон тышкаркы бөгөттөө боюнча;
ортомчу уюмдарга мигранттардан сынак тапшырууга тыюу салуу жөнүндө.
Буга чейин эле КР Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тарта Россияда миграциялык саясат катаалдай турганын кыргызстандыктарга эскертип келет.