• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Путин Назарбаевдин кызматтан кеткени жатканын ал расмий жар саларына бир нече саат калганда билген

25 Жалган куран 2019 10:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV.

РФ президенти Владимир Путин казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткени жатканын ал расмий жар саларына бир нече саат калганда билген. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Москва. Кремль. Путин» берүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.

«Нурсултан Абишевич өзү телефон чалды. Негизинен экөө мүмкүнчүлүк болуп калганда сүйлөшүп турушчу. Бул жолу расмий жар саларына эки саат калганда байланышка чыккан», — деди Песков.

Маалымат катчынын айтымына караганда, Россия менен Казакстан жакын өнөктөш болгондуктан жакынкы арада дагы жогорку деңгээлдеги байланыштар болот.
Белгилей кетсек, 19-мартта, Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

Количество просмотров: 31