Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путинди президенттикке талапкер катары каттоого алды.
Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин бешинчи (жана алтынчы) жолу президент болууга укуктуу. Ал Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келет.
Путин шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат. Каттоодон өтүү үчүн ал орусиялыктардын кеминде үч жүз миң колун чогултушу керек болчу.
Кол топтоодо көптөгөн мыйзам бузуулар орун алды. Тактап айтканда, Санкт-Петербургда тилкелик комиссиянын мүчөлөрү кол топтогон, буга мыйзам түздөн-түз тыюу салат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Путинге кол топтоо жөнүндө маалымат берип, ошол эле учурда аны мактап-жактап, «талапкердин оң имиджин түзүү» менен алектеништи. Чиновниктерге жана депутаттарга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.