Орусиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлады. Мындай жарлык укуктук маалымат порталына 4-октябрда жарыяланды.
Путиндин жарлыгында «Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн» берилгени жазылган.
Рахмон 2020-жылы октябрда президент болуп бешинчи ирээт шайланган жана бийликте турганын 28 жыл болду.