• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Путин Россиянын жарандыгын алуу жолдорун жеңилдетти

24 Чын куран 2020 17:26 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Россиянын жарандыгын берүү жолдорун жеңилдетүү тууралуу мыйзамга кол койду. «РИА Новости» жарыялаган маалымат боюнча, бул Россиянын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок жарандарга жана чет өлкөлүктөргө тиешелүү.

Ошондой эле СССР учурунда төрөлүп, анын курамындагы өлкөлөрдө жашап жүрүп, бирок жарандык албаган адамдарга жеңилдиктер каралат. Тактап айтканда, алар жарандык алуу үчүн арыз жазганга чейин милдеттүү түрдө Россиянын аймагында 3 жыл жашашы керек жана киреше булагын көрсөтүүсү зарыл деген талаптар мындан ары болбойт.

Ушундай эле шарттар Россиянын жараны менен баш кошуп, балалуу болгон жарандарга, ата-энесинин бири Россиянын жараны болгон адамдарга каралат.

Количество просмотров: 1797