• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Путин Си Цзиньпинге туулган күнүндө балмуздак белек кылды

15 Кулжа 201917:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.06.2019.Govori.TV.

Россия президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзиньпинге туулган күнүнүн урматына балмуздак менен торт белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Туулган күнгө арналган чакан иш-чара Душанбеде Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын 5-cаммитинин алдында болуп өттү.

​РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Си Цзиньпинди анын резиденциясына барып куттуктаганын айтты.

Количество просмотров: 28