• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды

19 Тогуздун айы 2018 13:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.10.2018.Govori.TV.
Орусиянын президенти Владимир Путин 19-октябрда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды. Ташкент аэропортунда орус лидерин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Эки күндүк сапардын алкагында эки тараптын 20 миллиард долларлык келишимдерге кол коюусу каралган. Бул каражаттын теңинен көбү Өзбекстандын батышында курула турган атомдук электростанциянын курулушуна багытталган.

Эки президент 19-октябрда АЭСтин пайдубалын түптөө салтанатына катышары кабарланды. Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында 11 миллиард долларга бааланган долбоордун курулушу 2028-жылы аяктары мерчемделип жатат.

Мирзиёев бийликке келген эки жыл ичинде бир катар саясий жана экономикалык реформаларды өткөрүп, мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун маалындагы репрессиялык саясий практикалардын айрымдарынан баш тарткан.

Өзбекстандын 32 миллиондой калкынын эки миллионго жакыны Орусияда эмгектенет.

Путин буга чейин Өзбекстанга 2016-жылы Ислам Каримов көз жумгандан көп өтпөй барып кеткен. Мирзиёев бийликке келгени Путин Ташкентке алгачкы жолу мамлекеттик сапар менен барды.

Количество просмотров: 35