Сочи шаарында президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.
РИАнын берген маалыматына караганда, эки президент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал туурасында сүйлөшкөн.
«Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көңүл буруп, көз салып турдук. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн болгон күч-аракетин жумшайт», — деген Путин.
Эскерте кетсек, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулай турганы айтылган.