• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Пётр Порошенко «мамлекетке чыккынчылык кылган» жана «терроримзге көмөктөшкөн» деп шектелүүдө

21 Бештин айы 2021 9:16 Бишкек Govori.TV

Украинанын мурдагы президенти Пётр Порошенко «мамлекетке чыккынчылык кылган» жана «терроримзге көмөктөшкөн» деп шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер өз булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, өлкөнүн экс-президентине каршы Донбасстагы орусиячыл жикчилдерден көмүр сатып алууга байланыштуу кылмыш иши ачылды.

Учурда чет өлкөдө жүргөн Порошенкого бул айыптар тууралуу почта аркылуу кабар берилгени айтылууда.

Украинада өлкөнүн чыгышындагы жикчил республикалар террористтик уюм деп табылган. Буга чейин алардан көмүр сатып алуу ишине байланыштуу «Оппозициялык платформа — Жашоо үчүн» партиясынын саясий кеңешинин башчысы Виктор Медведчукка «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Киев негизги көмүр шахталары жайгашкан Донбасс аймагына көзөмөл кыла албай калгандан кийин Түштүк Африка республикасынан көмүр сатып алууга аракет кылган. Бирок Медведчук көмүрдү жикчилдерден сатып алуу үчүн Африкадан көмүр алып келүүнү үзгүлтүккө учураткан.

8-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Баканов атайын кызмат жикчилдерден көмүр сатып алуу боюнча Медведчук менен Порошенконун ортосунда көмүскө бүтүм болгон-болбогонун текшерип жатканын айткан.

Медведчук менен Порошенконун өкүлдөрү айыптоолорду четке кагып, кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгонун билдиришүүдө. Бул саясатчылардын партиялары украин парламентиндеги ири оппозициялык фракцияларды көзөмөлдөп турушат.

Порошенконун партиясынын борбордук штабын жетектеген Александр Турчинов «Украинская правда» басылмасына саясатчы чет өлкөдөн келгенден кийин суракка бара турганын билдирген.

Количество просмотров: 128