• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саясат таануучу Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды

14 Чын куран 2021 12:09 Бишкек Govori.TV

Саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды. Аталган маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү («Мамлекеттик чыккынчылык кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.

“2021-жылдын 13-апрелинде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде Кыргызстандын жарандары Марат Казакбаев жана М.Т. кармалышты”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.

Материалдар улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан кылмыш иш жашыруун болмокчу.

Количество просмотров: 298