• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чыккынчылыкка шектелгендердин экинчиси Марат Токтоучиков экени айтылды

15 Чын куран 2021 8:57 Бишкек Govori.TV

Чыккынчылык иши боюнча кармалган экинчи адам — ​​Кыргызстандагы казак диаспорасынын экс-башчысы Марат Токтоучиков экени айтылды.

Такталгандай ал политолог Марат Казакпаев менен биргеликте УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Эске салсак, буга чейин УКМК эки жаран мамлекетке чыккынчылык кылып кармалгандыгы тууралуу маалымат тараткан. Кийинчерээк кармалгандардын бири саясат таануучу Марат Казакпаев экени белгилүү болду. Чыккынчылык боюнча кылмыш иши жашыруун. Кылмыштын мезгили жана кармалгандар кайсы өлкө үчүн иштегендиги тууралуу маалымат берилбейт.

Количество просмотров: 46