Qazaqstan телеканалы Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун видеосун өчүрдү. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалат.
Маалыматка ылайык, Qazaqstan телеканалынын Youtube, Facebook расмий баракчаларынан жана Telegram каналынан Рузахуновго байланыштуу видеолор өчүрүлүргөн.

Буга чейин аталган телеканал «Башаламындык уюштуруу үчүн 90 миң теңгеге жалданып, Кыргызстандан келдим» деп айтып жаткан адамдын видеосун жарыялаган. Көп өтпөй ал видеодогу адам кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени аныкталган. Бул маселенин тегерегинде бир катар чырлуу кептер жаралган.