• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Р.Карасартова: «Бир казак деп берип салбай биз укуктуу, мыйзамдуу өлкө экенибизди тастыкташыбыз керек» (видео)

20 Кулжа 2018 13:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.06.2018. Govori.TV
«Бир казак деп берип салбай биз укуктуу мыйзамдуу өлкө экенибизди тастыкташыбыз керек.Талдап көрсөк азыркы кырдаал президенттин гана колунда. Президент УКМКнын орун басарларын дайындайт, башкы прокурорду көрсөтөт. Бүгүнкү күнү ушул эки органдын бири Тунгышбаевди камакка алды, экинчиси аны экстрадициялоо боюнча чечим кабыл алды. Азыр анын апасы президентке кайрылып, «мыйзамдын эле сакталышына кепилдик берсеңер, балам сакталып калат» деп жатат. Тунгышбаев «эгер мени экстрадиция кыла турган болсо мен өзүмө өзүм кол салам» деп айтып жатат. Бул аябай маанилүү жана биз акырына чейин күрөшөбүз» —дейт укук коргоочу Рита Карасартова.
Белгилей кетсек, бүгүн 20-июнда Бишкектеги президенттик аппараттын алдында  казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевдин  колдогон акция өттү. Акцияга укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, Тунгышбаевдин апасы, жубайы жана бир катар казакстандык активисттер катышты.

Количество просмотров: 28