• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Үрүмчү – Бишкек — Үрүмчү аба каттамы жанданат

24 Бугу 2022 10:47 Бишкек Govori.TV

Июнь айынан тартып Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча аба каттамы жанданат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда туруктуу аба каттамдарын жандандыруу жөнүндө жетишилген макулдашууларынын жыйынтыгы боюнча ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары жанданат.

Министрлик аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча деталдар эки өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан жакынкы аралыкта иштелип чыгарын кошумчалады.

Количество просмотров: 58