Бишкек.17.01.18.Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар күн тартибине ылайык, маалымат каражаттарын каттоо боюнча мыйзам долбоорун карады.
Аталган сунушталган долбоорго ылайык, маалымат каражаттарын каттоо убактысын 30 күндөн 10 күнгө кыскартууга багытталган. Бул мыйзам Юстиция министрлиги тарабынан сунушталып, бүгүн экинчи окууда каралып жаткан. Бирок юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бере албагандыктан, депутат Рыскелди Момбеков анын жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.
“Министр өзү кыргызчаны кыйналып сүйлөсө, орун басары онтоп сүйлөйт экен. Бул жерде орун басары «маалымат каражатын каттоону кыргыз өкмөтү аныктайт» деп айтып жатат. Эмне үчүн башка уюмдарды Юстиция министрлиги каттайт да маалымат каражаттарын өкмөт каттайт? Бул жерде капка шибеге катып келишкен. Министрдин орун басары даяр эмес экен. Эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албайт. Жоопкерчилигин караш керек. Эмне үчүн депутаттардын алдына келип, эки сөздү сүйлөй албай отурат”, — деп сынга алды депутат Рыскелди Момбеков.