• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Үрөн жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

9 Баш оона 2023 12:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Үрөн жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам КРнын 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» КР президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында даярдалган, жана КР министрлер кабинети тарабынан КРнын аймагына үрөндөрдү алып келүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле редакциялык-тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 69