• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Раев: Самара Каримованын ролун көрүнгөн эле актриса ойной албайт (видео)

16 Жалган куран 2018 14:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.03.2018.Govori.TV

Самара  Каримованын бул ролго умтулган аракети бар. Бул туурасында «Илегилек» драмасынын автору Султан Раев Govori.TV  сайтына билдирди.
«Бул чыгарма камераный спектакль. Бир актриса чыгарманын башынан аягына чейин өзү жалгыз ойнойт. Бул өтө татаал. Бул спектакль тажрыйбалуу актрисаларга чоң маселе туудурушу мүмкүн.  Спектаклди көрүп сын айтуу оңой,  а ал нерсени сезүү, туюуу өтө татаал. Бул спектаклди көрүнгөн эле актер, актрисалар ойной албайт. Ал эми Сарама Каримованын бул ролго умтулган аракети бар » дейт драматург Султан Раев.

Эске сала кетсек, учурда борбордо Т.Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында драматург, жазуучу Султан Раевдин калемин таандык «Илегилек» драмасы коюлууда. Драмада  башкы ролду КРнын эмгек сиңирген  артисти Самара Каримованын аткарышы коомчулукта талкууга алынып, социалдык тармактар буга карата ар кандай көз караштагы сын пикирлерин жазып калтырышкан.

Количество просмотров: 28