• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Рафаэль Физиев жеңиштен кийин Азербайжандын желегин көтөрдү

10 Теке 202215:10 Бишкек Govori.TV

Мушкер Рафаэль Физиев UFCде жеңишке жеткенден кийин Азербайжандын желегин көтөрдү. Анын Instagram баракчасында бул өлкөнүн желеги көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан «UFC Vegas 58» турниринде Рафаэль Физиев атаандашын нокаут менен жеңип алды.

Негизги беттеште Физиев бразилиялык Рафаэль Дос Аньос менен кез келди. Беттеш беш бөлүккө созулуп, бешинчи бөлүктө Физиев атаандашын нокаутка учуратты.

Количество просмотров: 2311