• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Рахмат, сөгүшкө дагы”. Министр Чечейбаев президентке ыраазычылыгын билдирди

19 Бугу 202511:40 Бишкек Govori.TV

Соцтармакта саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев президентке сөгүш үчүн ыраазычылыгын билдирген видео тарады.

Видеодо унаадан түшкөн Садыр Жапаров Эркин Чечейбаевге кайрылып “тигил жак бүттүбү? Сөгүш албай эле ошонун баарын жасап койбойт белең?” деген. Министр “рахмат, сөгүшкө дагы” деп күлдү.

Эске салсак, өлкө башчы 8-майда Республикалык диагностикалык борбордогу балдардын өлүмүнөн кийин саламаттык сактоо министрин катуу урушуп, ооруканадагы көйгөйдү чечүүгө эки күн берген.

Количество просмотров: 259