• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рахмон Азербайжандын президентин Тажикстанга чакырды

12 Теке 202117:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү.

Анын жүрүшүндө тажик-азербайжан мамилелери, соода-экономикалык байланыштар талкууланды.

Тараптар бүгүнкү күндөгү Афганистандагы аскердик-саясий абалга өзгөчө көңүл бурушту. Эмомали Рахмон Азербайжандын президентине тажик-афган чек арасындагы кооптуу абал боюнча маалымат берип, КМШнын түштүк тарабында абал курчуп кеткенин белгиледи.

Ошондой эле Рахмон Азербайжандын президентин Тажикстанга чакырды. Алиевдин расмий иш сапарын эки өлкөнүн дипломаттары талкуулашат.

Количество просмотров: 184