• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Рахмон менен Путин мигранттардын маселесин талкуулашты

10 Бугу 2024 11:29 Бишкек Govori.TV

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен орус лидери Владимир Путин Кремлде мигранттардын маселесин талкуулашты.

«Албетте, бүгүн мен сиздер менен айрым маселелерди, өзгөчө биздин эмгек мигранттарына байланыштуу жагдайларды талкуулагым келет. Бул биз үчүн өтө сезимтал жана негизги маселелердин бири», — деди Рахмон 9-майда Путин менен жолугушууда.

22-мартта Москвадагы «Крокус Сити Холлдо» болгон теракттан кийин тажик мигранттарын жапырт түрдө текшерүү, камоо жана депортациялоо күчөгөн.

Эмомали Рахмон дагы бир жолу Орусияны Тажикстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы деп атап, «бул жылдар бою биз позициябызды өзгөрткөн жокпуз жана өзгөрбөйбүз» деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Путин эки өлкөнүн мамилеси «көп багыттар боюнча барган сайын активдүү өнүгүп жатканын» баса белгиледи. Анын айтымында, Орусия Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда.

Тажикстандын миллионго жакын жараны Орусияда иштейт. Оппозиция өкүлдөрү Душанбени 30 жылдан ашык убакыттан бери өлкөдө жарандарды татыктуу маяналуу иш менен камсыз кыла албаганы үчүн сынга алып келет.

Эмомали Рахмон 9-майда, Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышкан.

Количество просмотров: 79