• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Рахмон Путинди миллиондогон жемиш менен таңкалтырды (видео)

30 Кулжа 2022 12:27 Бишкек Govori.TV

28-июнда Россиянын президенти Владимир Путин Душанбеге бир күндүк иш сапары менен барды. Эмомали Рахмон Путинди мөмө-жемиштерден курулган бакчасы менен тааныштырып, сейилдетти. Ал жерден көптөгөн сандагы жемиштердин түрүн көрсө болот.

Буга чейин кабарлангандай, Душанбеде Орусиянын жана Тажикстандын президенттери Владимир Путин менен Эмомали Рахмон эки тараптуу кызматташтыкты жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашмак.

Кремл Путин тажик башкалаасына Рахмондун чакыруусу менен бара турганын, «орус-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнөн» тышкары Ооганстандагы кырдаал сыяктуу «регионалдык маселелер» да кеп болоорун билдирген.

Тажикстан президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода “Озоди” радиосуна ырастагандай, бул сапарда эч кандай документке кол коюлбайт.

Количество просмотров: 10356