• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Рахмон террордук топтор чек араны бузуп өтүүгө аракет кылганын билдирди

15 Аяк оона 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

Тажикстан бийлиги “Ансоруллох” тобунун согушкерлеринин чек араны бузуп өтүү аракетине эки жолу бөгөт койгон.

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-сентябрда Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жыйынында билдирди.

Рахмондун айтымында, согушкерлер “Тажикстандын борборунда жана башка аймактарында бир катар террордук чабуулдарды жасоону” көздөшкөн.

5-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Ансоруллох» эл аралык террордук тобунун үч мүчөсү жок кылынганын билдирген.

Кабарда үчөө ооган-тажик чек арасынан 30-августта мыйзамсыз өтүп, Дарваз районуна жайгашканы, Тажикстанда «теракттарды жасоону көздөгөнү» айтылган.

Быйыл апрелде да Тажикстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн «Ансоруллохтун» эки мүчөсү өлтүрүлгөнүн маалымдаган.

«Ансоруллох» тобу курамына Тажикстандын жарандары кирген террордук уюм жана бир нече жылдар бою талибдердин тарабында согушуп келет.

«Ансоруллох» диний кыймылы Кыргызстанда да 2012-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Количество просмотров: 193