• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Раиса Атамбаева: Кой-Таштагы үйүбүз камакка алынса, бара турган жерибиз жок

16 Баш оона 2019 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.08.2019. Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева акыркы окуяларга байланыштуу пикирин билдирүүгө аргасыз болуп жатканын айтты.

“Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына, менин үй-бүлөмө, балдарыбызга, жакын туугандарыбызга карата куугунтук жүрүп жатат. Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабалды. Азыр аны күн сайын суракка чакырып жатышат. Анын буту гипстелген, балдакчан жүрөт. Атамбаевдин жакын тууганы, жээнине эки кылмыш иши ачылды. Биздин кудабыздын үйү тинтүүгө алынды. Он милиция кызматкери документтерин көрсөтпөй, негиз жок кирип барып, үйдү астын-үстүн кылды”, — деди Раиса Атамбаева.

Количество просмотров: 12