Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 16 жаштагы уулу Адам Кадыров шейх Мансур батальонунун куратору болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов өзүнүн Telegram каналына жазды.
«Бул дайындоо Адамдын элибиздин диний, үй-бүлөлүк жана маданий баалуулуктарын сактоодогу сиңирген эмгегинин натыйжасы болду. Мен Адам кичинесинен эле максатка умтулган жана ар дайым көздөгөнүнө жеткен бала экенин белгилегим келет», — деди ал.
Адам Кадыров Куранды өрттөп жиберген 19 жаштагы волгограддык Никита Журавелди сабагандан кийин ар кандай сыйлыктарды ала баштаган. Ал Чеченстандын Баатыры наамынын жана Татарстандын экинчи маанилүү сыйлыгы болуп эсептелген «Дуслыктын» ээси. Карачай-Черкесиянын башчысы Рашид Темрезов менен муфтий Исмаил Бердиев аны эки орден, Кабардино-Балкариянын башчысы Казбек Коков «Кабардино-Балкария Республикасына сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлаган.
Шейх Мансур батальону Орусиянын Коргоо министрлигинин курамына кирет. Аны саясатчы Борис Немцовдун өлүмүн уюштурууга катыштыгы бар деп шектелген Чеченстандын ички аскерлеринин «Түндүк» батальонунун мурдагы офицери Руслан Геремеев жетектейт.