• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Равшан Жээнбеков: “Атамбаевдин кесепетин кыргыз эли күздөн баштап тарта баштайт”

28 Бугу 2018 17:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.05.2018. Govori.TV

Күздөн тарта Кыргызстанда оор экономикалык абал пайда болот. Бул тууралуу коомдук ишмер Равшан Жээнбеков айтты.

Анын айтымында, мурда биздин өлкөгө маанилүү инфраструктуралык долбоорлорго жана бюджетти колдоого 3-4 мамлекет акча берип келсе, акыркы ызы-чуулардан кийин эми алар токтойт. “Кыргызстанга Кытай, Россия, Батыш менен Америка чоң акчаларды берип келди.

Атамбаевдин бийлиги коррупцияланып кеткенден кийин, Батыш менен Америка берчү жардамын кескин кыскартты. Россия санкцияларды киргизгенден кийин, экономикасы да, каражат абалы да оорлоп кетти. Жакынкы 5-10 жылда алар бизге жардам бере албайт. Ал эми Кытай бизге жакшы акча бермек. Бирок, акыркы окуялардан кийин (ТВЕА, “Датка-Кемин”, жолдор ж.б.) Кытайга болгон терс коомдук пикирлер ырбады, экинчиден, Өкмөт Кытай берген акчаны уурдатып жиберди. Булардан кийин Кытай да бизге акча берүүдөн ойлонот. Ошентип, бюджетибиздин абалы оорлоп баштайт”, — дейт Равшан Жээнбеков.

Өлкөнүн экономикалык оор абалга кептелишине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин баса белгиледи.

“Атамбаев бир гана максатта иштеди. Оппозицияны жок кылып, ага каршы турган адамдарды коркутуу, камоо менен алектенип, экономикага таптакыр көңүл бурган жок. Ошол эле учурда өзү каалагандай, бирок, мамлекетке оор кредиттерди алып келип, ошонун артынан байыганга аракет кылды. Анын кесепетин эми эл тартат”, — деп кошумчалады Р.Жээнбеков.

Количество просмотров: 20