• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Равшан Жээнбеков: «ТБЕАны көрүп келгем, бирок, алданган эмесмин» (видео)

14 Бугу 2018 14:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.05.2018. Govori.TV
«Биздин же болбосо парламенттин бюджетинде депутаттардын ТБЕАга, Лигласка окшогон маселелерди барып көрүп келгенге акча каралган эмес. Ошондуктан кайсы мамлекет чакырса ошол мамлекет депутаттардын чыгашасын төлөп берет. Биз муну жашырбастан ачык айтышыбыз керек. Биздин группанын ичиндеги чыгашанын баарын ТБЕА төлөп берген, мен дагы  барып көрүп келгем. Бирок, барып келгендер кандай добуш берди бул аябагандай маанилүү. Эгерде парламент көрүп келип туура эмес добуш берсе, бул башка маселе. Мен барып келген депутат катары ТБЕА  жаман компания эмес деп айта алам. Алардын өндүрүшү, кеңсеси мага депутат катары жакты. Бирок, мен келгенден кийин келишимдерди көрүп, биз эл аралык арбитражка кайрылууга укугубуз жок экенин баардык маселени, сатып алууну  кытай тарап чечиш керек дегенден кийин  добушумду  берген жокмун. Биз ушуга окшогон маанилүү маселени карашыбыз керек» -дейт Жээнбеков.

 

 

Количество просмотров: 25