• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Равшан Жээнбеков интеллигенцияга кайрылды

9 Кулжа 2020 9:57 Бишкек Govori.TV

Камактагы мурунку депутат Равшан Жээнбеков коомдук ишмерлер,
Жогорку Кеңештин депутаттары, Таластык жердештери, эркин журналисттер жана пикирлештерине кайрылуу жолдоду.

Ал өз кайрылуусунда анын 7 айдан бери адилетсиз, мыйзамсыз, далилсиз, саясий өңүттө камакта отурганына кабатыр болуп, байма-бай массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка, Президент С.Жээнбековго, укук коргоо органдарына жана сотторго мени боштондукка чыгаруу үчүн суранып атканыңар үчүн терең ыраазычылыгын билдирген.

«Силер билгендей эле, мен УКМКны, Прокуратураны, ИИМди жана сот системасын адилетсиздик, эски көз караш, коррупция, саясий куугунтуктар үчүн сындап келгем. Азыр дагы, түрмөгө күнөөсүз камашса дагы ошол эле позицияда турам.

Менин Кой-Таш окуясы боюнча кыпындай дагы күнөөм жок. Мага карата кылмыш ишти фальсификациялап, жалган көрсөтмөлөр менен камашты. Менин актыгымды далилдеген видеоматериалдар интернетте, ММКларда толугу менен сакталып турат», — деп жазаган ал кайрылуусунда.

Ал кайрылуусунда УКМКнын азыркы эгемендүү журналисттерди каралап, жарандык активисттерди коркутуп, бийликтин башка дагы оппоненттерин камоо болуп жатканы туурулуу да жазган

«Мен 20 жылдан бери активдүү саясатта жүргөн саясатчы катары азыркы президент С.Жээнбеков менен анын командасынын жүргүзүп аткан саясатынын келечеги жок экенин, туңгуюктуу жол экенин жакшы билем. Ишенем.

Эгемендүү, башка көз караштагы, сынчыл саясатчылардын, журналисттердин жана жарандардын баарын коркута алышпайт, ооздорун жаба алышпайт, камай алышпайт, өлтүрө алышпайт.

Дагы бир жолу баарыңыздарга колдооңуздар, ишеничиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем», — деди Жээнбеков.

Количество просмотров: 154