• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Равшан Жээнбековдун 24-март революциясы боюнча кайрылуусу

24 Жалган куран 2020 12:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 24-март окуясына 15 жыл толду. Ошол кезде оппозициянын катарында болгон Равшан Жээнбеков үмүттөр эмне үчүн акталбай калганы тууралуу билдирүү таратты.

«Урматтуу мекендештер, 2005-жылдын 24-мартында болгон революция өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү факт. Ал революцияга алып келген саясий жана социалдык-экономикалык себептердин али күнгө чейин чечиле электиги, бизди ал окуяларга дагы көбүрөөк көңүл бурууга мажбур кылат. 2005-жылдын 22-марты күнү эртең менен Жогорку Кеңештин ал убактагы депутаты Темир Сариев жана финансы министри Болот Абилдаев бийликтин атынан 24-мартта өтө турган оппозиция митингин сүйлөшөлү дешип, мени сүйлөшүүгө чакырышты. Мен ал убактагы Курманбек Бакиев башында турган оппозициялык кыймылдын 8 мүчөсүнүн бири элем. Оппозиция лидерлеринин кээ бирлери менен кеңешип, сүйлөшүүгө бардым. Биз тараптан 2 гана талап койдук. Биринчиси, президент Аскар Акаев кайрадан шайлоого барбайм деп жарыя кылат. Экинчиси, административдик ресурсту жана акчаны пайдаланып, оппозицияны өткөрбөй койгон округдарда кайрадан шайлоо болот. Андай округдар №55 Бакай-Ата шайлоо округу – меники, Курманбек Бакиевдики, Роза Отунбаеваныкы, Акылбек Жапаровдуку жана башкалардыкы эле. Түштөн кийин Темир Сариев телефон чалып, бийлик макул болбой койгонун айтты. Сүйлөшүүбүз ошону менен токтоду, ал эми биз 24-мартка даярданып баштадык. 24-марттагы конфликтти бийлик жана анын “ак шапкечендери” жасаганын баарыбыз жакшы билебиз. Бул окуянын болушуна 15 жылдык авторитардык, эффективсиз башкаруу, адилетсиздик, жумушсуздук, коррупция жана экономикалык кыйынчылыктар негиз болгонун эч ким деле танбаса керек. Саясий активдүү жарандар ушул кыйынчылыктардын чечилишине үмүт артып, ал убактагы оппозицияны колдошкон. Тилекке каршы, ал үмүттөр, максаттар ал убактагы бийликке келген оппозициянын лидерлери аркылуу уурдалып, ишке ашпай калды. Бийликке келген топ демократиялык реформаларды жасап, маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашырбастан, жеке үй-бүлөлүк бийлигин бекемдеп, байлык топтоо менен гана алек болду. Тарых көптөгөн президенттерге, саясий лидерлерге, премьер-министрлерге өлкөбүздү өзгөртүүгө, укуктуу өлкө курууга шанс берди. 2005-жылы гана бийликке келген саясатчылар эмес, дээрлик 30 жылдын ичиндеги бардык президенттер ал мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышкан жок. Урматтуу мекендештер, активдүү жарандар, 2005-жылдын 24-мартында пайда болгон максаттарыбыз, үмүттөрүбүз уурдалып, ишке ашпай калганына карабастан, баарыбыз демократиялуу, укуктук өлкө куруу максатыбыздан тайбай, адилеттүүлүк, өлкө үчүн зарыл реформаларга болгон талаптарыбызды, күрөшүбүздү улантышыбыз керек! Эффективсиз кландык башкаруу, адилетсиздик, коррупция, жумушсуздук, экономикалык кризис өлкөбүздү мурдагыдан дагы көбүрөөк чырмады»,-деп билдирген Жээнбеков.

Количество просмотров: 195