• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Равшан Жээнбековдун жардамчысы чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда

14 Бирдин айы 2022 12:11 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы, жарандык активист Айсулуу Кудайбердиевага 2019-жылы «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген кине менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 14-февралда, саат 14:30да Биринчи Май райондук сотунда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча биринчи отурум болот.

«Силер баарыңар жакшы билгендей эле мен да көптөгөн журналисттер, жарандык активисттер жана саясатчылар сыяктуу эле Равшан Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн УКМК тарабынан бир нече ай бою басымга, куугунтукка дуушар болуп келем. Эми ал жактагы куугунтукту бүтүрүшүп, менин ишимди сотко өткөрүштү. Жакында эле оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековду бийлик түрмөдөн чыгарды, бирок анын жакындары: карындаштары жана мен жасалма кылмыш иштерине тартылуудабыз. Карындашы, Мира Джеенбекова УКМК тарабынан «104 квартирага» күнөөлөнгөн. Бирок 104 квартираны таба алышпады. Бүгүнкү күндө айлалары кетип, 4 сотых жер боюнча кылмыш ишин улантышууда», — деп жазган Кудайбердиева.

Количество просмотров: 317