• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Разаков алмашылчу жерлер боюнча Баткенде эл менен жолукту

8 Бирдин айы 2020 20:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана топографиялык топтун мүчөлөрү Баткен облусунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда тургундарга Өкмөт тарабынан Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо боюнча жүрүп жаткан иштер, тажик делегациясы менен жолугушуунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилди.

Разаков Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуунун эсебинен маселени чечүүгө болорун айтты.

Ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын сунуштары угулуп, Тажикстан менен жер алмашуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын жана Тажикстандын топографиялык топтору Баткен району менен Исфара шаарынын «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп жатышат, — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Жергиликтүү жашоочулар менен талкуу аяктаган соң гана алмашуу иштери андан ары улана турганын айтылды.

Количество просмотров: 102