• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Разаков: Кыргыз-тажик чек арадагы жерлерди алмашуу боюнча сунуштар каралып жатат

21 Үчтүн айы 202011:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча сунуштар каралып жатат. Бул тууралуу вице-премьер министр Жеңиш Раззаков бүгүн, 21-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды. Келишимге ылайык, Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды ушул жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу топографиялык жумушчу топко тапшырма берилди», — деди Раззаков.

https://www.facebook.com/azattyk.org/videos/222583728751601/


Количество просмотров: 125