Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына маалымдалат.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорун депутат Курманкул Зулушев даярдаган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек.
Кошумчалай кетсек, өлкөдө 2010-жылы бийлик алмашканда элдик референдум аркылуу Конституция өзгөртүлүп, парламенттик башкаруу формасы тандалган.