Кыргызстанда 20-февралдан тартып көрсөтүлөрү жарыяланган казакстандык чыгармачыл топтун «Рэкетир» тасмасы сатыктан алынды. Бул тууралуу Бишкектеги «Синематика» кинотеатрлар түйүнү социалдык тармактагы баракчаларына жазды.
«Рэкетир» тасмасы Кыргызстандагы бардык кинотеатрлардан алынды. Билеттин акчасын кайтарып алуу үчүн кинотеатрдын администрациясына кайрылгыла», — деп жазылган билдирүүдө.
Буга эмне себеп болгону айтылган эмес.