Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм жөнөтүлгөн.
«Бишкек шаарынын Баялинов көчөсүндө «Мазда» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Ошондой эле белгисиз себеп менен Бишкектеги Кожомкул көчөсүндө эки кабаттуу турак үйдө өрт чыгып, анын кесепетинен 150 чарчы метр шыбы жана дубалы күйдү»,-деп айтылат маалыматта.
Бактыга жараша чыккан өрттөн жабыркагандар жок.