• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Республикалык штаб: Чүй облусунда калктын 23%ы эмделди

10 Аяк оона 2021 16:18 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, республика аймагындагы, анын ичинде Чүй облусундагы вакцинациялоо кампаниясынын жүрүшү талкууланды. Ошондой эле “кызыл зонада” иштеген медиктерге компенсация төлөө, салматтык сактоо мекемелериндеги дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын, жеке коргонуу каражаттарынын кору маселеси каралды. 

Жылдыз Бакашова COVID-19дан вакцинациялоонун темпи жай болуп жаткандыгын айтып, калкты эмдөө процессин тездетүү зарылдыгын билдирди. 

Ыкчам маалыматтарга караганда, Чүй облусунда калктын 23%ы вакцинанын биринчи дозасы менен эмделген, ал эми калктын 15% толук эмдөө курсунан өткөн (эки эмдөө). Эмдөө боюнча облустун Чүй (25,9%) жана Кемин (31,7%) райондору алдыда, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Сокулук (10,2%) жана Аламүдүн (11,4%) райондорунда байкалган. Облустун тургундарын эмдөө үчүн 103 убактылуу эмдөө пункттары жайгаштырылып, 10 мобилдик мобилдик топ ишке тартылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирге жарандар арасында COVID-19га каршы вакцинаны алуу жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. 

Ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине муктаждыктарына жараша саламаттык сактоо тутумун керектүү дары-дармектер менен камсыздоого багытталган чараларды кабыл алуу боюнча иштерди улантуусу, ошондой эле дары-дармек рыногунда коронавирустук инфекцияны жана анын кесепеттеринен улам келип чыккан башка ооруларды диагноздоо жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектердин болуусун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо иретинде тийиштүү мониторинг жүргүзүүсү тапшырылды. 

Белгилей кетсек, вакцинациялоонун жүрүшүн талдоо боюнча мындай Республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйыны ар бир облуста өтөт, мурунку жыйын Ысык-Көл облусунда өткөн.

Количество просмотров: 115