• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

470 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

20 Баш оона 202412:32 Бишкек Govori.TV

470 миллион сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКга тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталды.

«2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттери боюнча маалыматка жетүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, жеке баюу максатында Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 31,5 га өлчөмүндөгү «Аэродром» жер участогунун учуу-конуу тилкесин жана химикаттарды сактоочу кампасын, ошондой эле «Буудай» ААКга таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз алып чыгышкан. Мындан улам, 2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында болжолдуу баасы 470 млн сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды», — деп билдиришти мекемеден.

Количество просмотров: 129