• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Рим папасы Франциск Казакстанга барды

14 Аяк оона 2022 9:02 Бишкек Govori.TV

Рим папасы Франциск дүйнөлүк диний лидерлердин курултайына катышуу үчүн Казакстанга барды. Аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алганын «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Рим папасы Франциск Казакстанда үч күн болот. Ал Борбор Азия өлкөсүнө келген экинчи папа болуп калды. 2001-жылы Рим папасы Иоанн Павел II Казакстанга ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барган.

85 жаштагы Франциск 2013-жылы шайлангандан бери Борбор Азияга келе элек болчу. Ал Орусиянын Украинага кол салышын бир нече жолу айыптап, согушка каршылыгын билдирген.

Франциск буга чейин патриарх Кирилл менен диний лидерлердин саммиттинде жолугууга үмүттөнөрүн билдирген. Бирок өткөн аптада Орус православ чиркөөсүнүн төрагасынын басма сөз катчысы патриарх Кирилл бул иш-чарага катышпай турганын билдирген.

Количество просмотров: 70