• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Римде “Кыргызстан” паркы ачылды

4 Тогуздун айы 20248:43 Бишкек Govori.TV

3-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында Рим шаарында “Кыргызстан” паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.

Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Парктын ачылыш аземинин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Количество просмотров: 110