Жакында Элчи Таалай Базарбаев Римини шаарында КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо Фонду жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм Департаменти менен биргелешип, ошондой эле Болонья жана Римини шаарларынын Кыргыз Республикасынын диаспорасынын колдоосу менен, “TTG Travel Experience 2024” эл аралык туристтик көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук павильонунун ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын ачылышына Римини шаарынын мэри Жамил Садехолваад да катышып, ал кыргыз тарапты ири туристтик көргөзмөлөрдүн бирине кезектеги катышуусу менен куттуктады.
Иш-чара Италия Республикасынын туристтик операторлору үчүн Кыргыз Республикасынын өлкө презентациясы менен уланып, анын жүрүшүндө мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды, ошондой эле тараптар ортосунда түз байланыштар түзүлдү.
Маалымат үчүн, “TTG Travel Experience 2024” эл аралык туристтик көргөзмөсү ушул жылдын 9-11-октябрь аралыгында өтүүдө жана жыл сайын 60тан ашык өлкөдөн 60 000ден ашуун зыяратчыларды тартат.