• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаровду Италияга кимдер коштоп кетти?

2 Тогуздун айы 202415:40 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италия жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти.

Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
    -президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;
  • башкы прокурор Максат Асаналиев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
  • юстиция министри Аяз Баетов;
  • президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
    -президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
  • Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
Количество просмотров: 96