• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды

3 Бештин айы 201911:59 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды


Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду.


Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.
Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы
дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.


Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек
Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады.

Количество просмотров: 757