Саясатчы Асия Сасыкбаева жана укук коргоочу Рита Карасартова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.
Буга чейин Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, бир канча саясатчы, активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелери менен («Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн бир күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетинин көптөгөн мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү иштери жүрдү. Асия Сасыкбаева, Эрлан Бекчороев, Али Шабдан, Рита Карасартова, Равшан Жеенбеков жана башка активисттер менен саясатчылар РИИБге жеткирилди.