• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рита Карасартованы милицияга алып кетишти

14 Чын куран 202523:35 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочу Рита Карасартованы Чуй облустук ички иштер башкармалыгына алып кетишти. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин Рита Карасартова фейсбукка өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын жазган.

«Эртең Канышайга (ред. тергөө абагында жаткан журналист Канышай Мамыркуловага) «кемпирабадчылардын» атынан тамак киргизели деп камынып жүрсөм, үйүмө тинтүү жасап атыптыр. Тилекматтын каты боюнча окшойт. Ал катты СМС кылып эле жиберген, үйдөн эмне издеп атышат экен? Баратам үй жакка», — деп жазган Карасартова.

Азырынча Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 228