Абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы“ уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Анын маалыматына ылайык, бул ишти караган судья башка аймакка которулуп кеткен, ал эми жаңы келген судья тергөө материалдары менен таанышып чыгууга убакыт керектигин айткан.
Карасартова 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») боюнча айып тагылганын жарыялаган.