• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шаардык сот Рита Карасартованы абакта калтырды

13 Бугу 202511:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 13-майда абактагы укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды.

«Мыйзамда камакта беренелер бузулган учурда адам камактан бошотулушу керектиги так жазылган, бирок Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы бир гана берене боюнча камоону мыйзамсыз, экинчиси боюнча мыйзамдуу деп таап, мындан улам Рита Карасартованын баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок», — деди анын жактоочусу Жаныш Бараков.

Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалган, 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Райондук сот 30-апрелде анын абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан.

Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Количество просмотров: 336