Талас облусунун Бакай-Ата районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Үрмарал өзөнүндөгү суу ташкындап, жолдун айрым жерлерин жеп кеткен. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактагы жеңил унаалар өтө турчу көпүрө жараксыз абалга келген.
Учурда абалды жөнгө салуу аракети көрүлүүдө.