Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Европа футбол ассоциациялар биримдигинен (UEFA) “Чемпиондор лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчу” аталып сыйлык алды.
Сыйлык тапшыруу аземи 29-август күнү Монакодо 2024-2025-сезонунун Чемпиондор лигасынын негизги этабы үчүн чүчүкулак тартуунун алкагында өткөн.
Ал Чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, англиялык «Манчестер Юнайтед», испаниялык «Реал» жана италиялык «Ювентустун» курамында 183 оюн өткөрүп, 140 гол киргизген. Учурда сауддук “Аль-Наср” клубунда ойнойт.
Ошондой эле UEFA президентинин сыйлыгын Италия курама командасынын дарбазачысы Жанлуиджи Буффон да алды.