Бүгүн, 22-ноябрда UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекте маалымат жыйын башталаар алдында столдун үстүндө турган энергетикалык суусундуктарды алып салды.
Ал Кыргызстанга 21-ноябрда келген. Валентина Шевченко малымат жыйын учурунда журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Жана ошондой эле ал Бишкек шаарында күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт.
Эске салсак, Евро-2020нын алкагында уюштурулган маалымат жыйынында дүйнө жүзүнө белгилүү футболчу Криштиану Роналду столдүн үстүндөгү чемпионаттын расмий демөөрчүсү болгон Coca-Colaнын бөтөлкөлөрүн четке алып, суу куюлган бөтөлкөнү столдун үстүнө «Суу» деп коюп алган. Футболчунун бул аракетинен кийин башка оюнчулар да кайталап ушул сыңары аракеттерди кылышкан.