• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустун жаңы учуру катталган жок

26 Чын куран 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, акыркы суткада илдеттен жети бейтап сакайды, каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 14 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 393 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 60